• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жапаров «Барселона» футбол клубунун легендалары менен жолугушту

29 Баш оона 2023 11:55 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-августта, Жалал-Абад шаарындагы «Барселона» футбол академиясынын ачылышына жана башка бир катар иш-чараларга катышуу үчүн Кыргызстанга келген Жоан Лапорта жетектеген «Барселона» футбол клубунун өкүлдөрү менен жолугушту.

Мамлекет башчысы конокторду кыргыз жергесинде тосуп алып, кыргызстандыктар оюндардын бирин да калтырбай көрүп, таамай тепкен голдорго таң берип, тамшанганы тууралуу бөлүштү. «Барселона» клубунун оюнчулары чеберчилиги менен көптөгөн бийктиктерди багынтты.

«Сиздер дүйнөнүн булуң-бурчундагы футбол сүйүүчү жаштардын футболго болгон кызыгуусун ого бетер арттырып, тыным албай машыгуусуна шык-дем берип келесиздер. Футболго дилгир жаштар үчүн сиздер чыныгы легендасыздар! Силердин араңарда 2008/2009-жылдагы сезондо алты титулду жеңип, дүйнөлүк футболдо болуп көрбөгөндөй рекорд жараткан оюнчулар отурат», — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Президент «Барселона» клубунун легендалары өлкөгө болгон сапары менен кыргызстандык күйөрмандарга көптөгөн жаркын сезимдерди тартуулай турганын канааттануу менен белгиледи. Күйөрмандардын легендалар оюнун өз көзү менен көрүү кыялы орундалат.
Мамлекет башчысы теңтуштары менен айылынын көчөлөрүндө топ ойногон кезинде башталган өзүнүн футболго кызыгуусу тууралуу айтып берди. Ошондон бери анын өмүрү спорттун бул түрү менен тыгыз байланышта. Футбол Кыргызстанда кеңири тараган. Ал тургай, футболду чындап сүйгөндөр үчүн бул спорт алардын жашоосуна айланып калган.

Ал клубдун легендалары менен жолугушуудан шыктанган Кыргызстандын жаш футболчулары келечекте өлкөнү Дүйнөлүк чемпионатка алып чыгарына ишенимин билдирди.
Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарга футболдук чоң майрам тартуулап, жергебизге сапар алып келгени үчүн меймандарга ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде “Барселона” клубунун Президенти Жоан Лапорта ал башында турган футбол академиясынын Кыргызстанда ачылышын канааттануу менен белгиледи. Ал башкы филиалдагыдай окутуу ыкмасы колдонуларын баса белгиледи. «Барса» — жөн гана клуб эмес, анын максаты — баалуулуктарды бүт дүйнөгө жайылтуу.

Буга байланыштуу Жоан Лапорта Кыргызстанда клубдун футбол академияларын ачууга мүмкүнчүлүк түзгөн президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирип, бул иштеги мамлекет башчынын жеке эмгегин баса көрсөттү.

Ал ошондой эле 30-августта Бишкек шаарындагы Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо өтө турган «Азия легендалары» менен боло турган беттешке пландары тууралуу айтып берди.

«Биз оюнга даярданып жатабыз жана жакшы оюн көрсөткүбүз келет. Ар бир команданын баалуулугу – жеңиш, бирок биз ар дайым кызыктуу оюн көрсөтүүгө аракет кылабыз, андыктан биздин өзгөчөлүк биздин стилде. Биз адамдын эң жакшы сапаттарын баалап, аларды ачууга аракет кылган командабыз”, — деди Жоан Лапорта.

Соңунда президент Садыр Жапаров дагы бир жолу Кыргызстандын эшиги дүйнөлүк футбол жылдыздары үчүн ачык экенин белгилеп, алардын өлкөбүзгө бат-баттан келип туруусуна тилектештигин билдирди.

Количество просмотров: 52