• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Ысык-Көлдөгү дагы 15 пансионат ижарага берилет. Өспүрүм эжесин өлтүрүүгө шектелүүдө

29 Баш оона 2023 17:53 Бишкек Govori.TV

КАРООСУЗ КАЛГАН ПАНСИОНАТТАР ИЖАРАГА БЕРИЛЕТ

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү кароосуз калган мамлекетке же мамлекеттик мекемелерге таандык пансионаттар 49 жылга ижарага берилерин айтты.

Ал 29-августта Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кыргызстандыктарга кайрылып, инвестиция салууга, оңдоп-түзөп, мейманкана курууга чакырды. Кызыккандар Мамлекеттик мүлк агенттигине кайрылса болорун билдирди.

«Ысык-Көлдүн айлана тегерегинде бүгүнкү күндө ушундай 15 пансионат бар. Булар илгертен бери кароосуз калган же жакшы каралбай келет. Ушул пансионаттарды 49 жылга ижарага беребиз. «Инвестиция салам, мен алам» деген ата мекендик байларыбызды, чет өлкөлүк инвесторлорду чакырам. 3, 4, 5 жылдыздуу мейманкана салып иштетиңиздер. Албетте салган инвестицияңарды кыска убакта кайра чыгарып аласыңар дегенден алысмын. Бирок 49 жылда 3-4 эсе актайт деп ишенем. «Эмнеге мамлекеттин акчасын салып оңдоп койбойсуңар» деген жарандарыбызды угуп жүрөм. Кудайга шүгүр мамлекетте акчабыз жок эмес, бар. Мамлекеттин акчасын узак мөөнөттө актай турган бизнеске салуу максатсыз. Кимде-кимди кызыктырган болсо Мамлекеттик мүлк фондусуна кайрылсаңыздар болот. Негизги шарттар: алгандан кийин дароо инвестиция салып башташ керек. 3 жылдыздуудан жогору мейманканалар, коттедждер жана башкалар салынышы керек. Субарендага уруксат жок»,-деп жазды Жапаров.

Садыр Жапаров сөз кайсы пансионаттар тууралуу болуп жатканын тактаган жок.

Ушул айдын башында өкмөт көлдөгү төрт пансионатты өзбекстандык компанияларга узак мөөнөттөгү башкарууга берген.

Мамлекеттик мүлк агенттиги бул жайлар мамлекеттин балансында турганын, чыгашалуу болуп келгенин, көпчүлүк бөлмөлөрү начар, авариялык абалда болгонун, жаңылап, оңдоо үчүн ири инвестиция керектигин айткан.

ЧЕК АРАДА КЕЗЕК КҮТКӨН УНААЛАР ЖОК

Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттерде 29-августта кезек күтүү жок экенин билдирди. Учурда бекеттер штаттык режимде иштеп жатат.

Кезек күтүүлөрдүн азайышы 28-августта байкалган. Бул күнү бир гана «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде тыгын болуп, 140 автоунаа кезек күтүп турган.

«29-август саат 10:00гө алынган маалымат боюнча «Ак-Тилекте» да кезек күткөндөр жок», — деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.

Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттерде кезек күтүүлөр 20-августтан баштап пайда болгонун билдирген. Мекеме мындай абал үчүн Казакстанды «Евразия экономикалык биримдиктин принциптерин сактабай жатат» деп айыптаган.

Казакстандын Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекетинде эч кандай чектөө жок экенин, чек арада мыйзамсыз ишмердикке каршы иш-чаралар жүрүп жатканын жарыялаган.

26-августта Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстан менен чек арадагы жагдайды жөнгө салууну тапшырганы маалым болгон.

ЖАЛАЛ-АБАДДА “БАРСЕЛОНА” АКАДЕМИЯСЫ АЧЫЛАТ

Бүгүн, 29-августта Жалал-Абад шаарында испаниялык “Барселона” клубунун футбол академиясынын ачылышы өтөт.

Бул иш-чарага катышуу үчүн Кыргызстанга “Барселона” клубунун президенти Жоан Лапорта жана клубдун мурдагы оюнчулары Карлес Пуйоль, Эдгар Давидс, Ривалдо баштаган бир катар оюнчулар келди.

Бул күнү президент Садыр Жапаров 29-августта “Барселонанын президенти жана өкүлдөрү менен жолугушуп, алар жаштардын футболго кызыгуусун арттырып, шык берип келерин билдирди.

Коноктор футболдук академиянын ачылышына катышып, ушул эле күнү Жалал-Абад шаарындагы “Курманбек стадионунда көргөзмө оюн өткөрөт.

30-августта Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо “Барселонанын” мурдагы оюнчулары Азиянын ардагер футболчулары менен беттешет.

БАҢГИ ТОБУНУН МҮЧӨЛӨРҮ КАРМАЛДЫ

Бишкекте эл аралык баңги тобунун кылмыштуу ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлуп, топтун мүчөлөрүнөн 4 кг ашуун мефедрон алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-августта «Манас аэропорту — Бишкек» унаа жолундагы Степное айылынын жакын жерде BMW үлгүсүндөгү унаасы менен 22, 21 жана 20 жаштагы  чет элдик жарандар кармалып, алардын жанынан жалпы салмагы 4 кг 166 гр болгон мефедрон синтетикалык баңгизаты табылган. Аталган баңгизаттын 1 граммынын базар баасы 6000 сомду түзүп, жалпысынан табылган жүктүн баасы 24 млн 996 миң сомго бааланат.

Бул факты боюнча КР мыйзамдарына ылайык кылмыш иши козголуп, кармалгандар УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Ошондой эле, УКМК ата-энелерди балдарына карата этият болууга, алардын оюн-зоок жана айлана-чөйрөсүн көзөмөлдөсүнө, ошондой эле такай түшүндүрүү иштерин кылып, ар дайым аңгемелешүү жүргүзүп турууларына чакырат.

Эскерте кетсек, КР Кылмыш-жаза кодексине ылайык, мындай кылмыштар үчүн 14 жаштан ашкан адамдар мүлкүн конфискациялоо менен 12 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Учурда аталган баңги каналынын башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары уланып, бул багытта активдүү иштер жүргүзүлүүдө.

ӨСПҮРҮМ КИШИ ӨЛТҮРҮҮГӨ ШЕКТЕЛҮҮДӨ

Сокулукта бир тууган эжесинин өлтүрүүгө шектелип, 15 жаштагы өспүрүм кармалды.

Чүй облустук милициясынан билдиришкендей, 23-августта Сокулук районунун Кашка-Баш айылында 23 жаштагы Д.М. аттуу жарандын сөөгү табылганы, ал жарандын башында дене жаракаты бар экендиги, киши колдуу болуп каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган факт Сокулук РИИБне катталып, КР КЖКнын 122-беренесинде көрсөтүлгөн (Адам өлтүрүү) кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Бул факт боюнча кылмыштын изи сууй электе Чүй ОИИББнын жана Сокулук РИИБнин кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмыш иши боюнча шектүү катарында жабырлануучунун иниси 15 жаштагы Ж.М. аттуу жаран КР КЖПКнын 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда кылмыш иши боюнча тийиштүү укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 167