• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Ташиев Жалал-Абаддагы «Барселона» футбол академиясына барды

9 Чын куран 2024 9:18 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарындагы «Барселона» футбол академиясына барды. Бул тууралуу КФБнын маалымат кызматынан билдиришти.

Визиттин жүрүшүндө КФБ жетекчиси академиянын тарбиялануучуларынын машыгуу процессин көрүп, алардын окуу жана жашоо шарттары менен таанышты.

Академия жүргүзгөн атайын селекциондук ишмердүүлүктүн алкагында, жакында африкалык өлкөлөрдөн ар кандай курактагы жаш оюнчулар келген. Алардын арасындагы эң мыктылары, тандоонун жыйынтыгы боюнча академия тарбиялануучуларынын катарын толуктайт.

КФБ президенти бул жаш футболчулар менен таанышып, аларга ийгилик каалады.

Количество просмотров: 83