• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Месси «Барселона» менен келишимди азырынча узартпайт

12 Жетинин айы 2019 14:48 Бишкек Govori.TV

Аргентиналык оюнчу Лионель Месси «Барселона» клубу менен болгон келишимди 2020-2021-жылкы сезондун башталышына чейин узартпайт. Бул тууралуу Marca гезити билдиргенин Чемпионат басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Месси 2020-2021-жылга чейинки түзүлгөн келишими аяктаганга чейин «Барселона» клубунда оюн өткөрөт. Ошол эле учурда аргентиналык оюнчу быйылкы сезондун жыйынтыгында жаңы келишим тууралуу сүйлөшүүгө даяр эместигин билдирген.

«Месси жаңы келишимди түзөөрдүн алдында кандай физикалык абалда болоорун жана жогорку деңгээлде оюн көрсөтө алаарына байкоо жүргүзө тургандыгын айткан», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Лионель Месси футбол боюнча Испания биринчилигинде 7 оюнда 8 гол жаратканга жетишкен.

Булак: Кабар.

Количество просмотров: 60