• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Миң-Куштагы кырсык боюнча комиссиянын жыйынтыгы чыкты

4 Аяк оона 202415:01 Бишкек Govori.TV

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Жумгалдын Миң-Куш айылындагы уран калдыктарын ташыган унаанын кулашына байланыштуу комиссиясынын корутундусу чыкты.

Комиссиянын тыянагына ылайык, радиациялык фонду өлчөп, кооптонууга негиз жок. 1-июндагы “ЭРН-Строй” ЖЧКсынын жүк ташуучу автоунаасы көпүрөдөн кулаган соң, кырсыктын себептерин техникалык иликтөө боюнча комиссия түзүлгөн.

2-сентябрда да Туюк-Суу – Миң-Куш – Арал автожолунун экинчи чакырымында “HOWO” үлгүсүндөгү автоунаа жолдон чыгып кеткен. Ал Туюк-Суу уран калдык сактоочу жайынан радиоактивдүү калдыкты ташып келаткан. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги унаа токтоп калган жерде калдыктар жерге төгүлбөгөндүгүн жана эч кандай зыяндуулук жоктугу аныкталганын билдирди. Калдыктар башка машинага жүктөлүп, алынып кеткен.

Миң-Куш айылында Туюк-Суудагы уран калдыктарын “Дальнее” сактоо жайына ташуу иштери 2023-жылы август айында башталган. Аны орусиялык “Росатом” ишканасы аткарууда.

Количество просмотров: 107