• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Мигранттардын мушташынан кийин 10 киши кармалганы айтылды

29 Кулжа 2023 9:16 Бишкек Govori.TV

Иркутск полициясы Ковыктинск газ кенинде иштеген кыргызстандык жана тажикстандык мигранттар ортосунда 23-июнда чыккан калайман мушташтын он катышуучусун камакка алды.

Бул тууралуу «Озоди» радиосу Иркутскидеги тажик диаспорасына таянып жазды. Жергиликтүү маалымат каражаттары мушташта тогуз киши жабыркап, жыйырма чактысы кармалганын жазган. Күбөлөрдүн айтымында уруш ашканадагы кезек күтүүдөн улам чыккан.

Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жараат алган беш адам менен байланышкан. Алардын бири ооруканага жаткырылган. Иркутскидеги тажик диаспорасы кармалгандар эки тараптан тең бар экенин билдиришкен.

3-июнда Санкт-Петербург шаарында кыргызстандык жана тажикстандык мигранттардын калайман мушташы болгон. Кыргызстандын бир жараны ооруканага жеткирилген. Полиция беш кыргыз жаранын кармап, үчөөнү тергөө аяктаганча эч кайда чыкпоо шарты менен кое берген, калган экөө камалган. Полиция бул фактыга байланыштуу «бейбаштык» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Количество просмотров: 59