• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Михаил Мишустин Кыргызстанга келди

25 Тогуздун айы 202320:19 Бишкек Govori.TV

Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин Кыргызстанга келди.

“Манас” эл аралык аэропортунан Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустинди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.

Белгилей кетсек, Михаил Мишустин үстүбүздөгү жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышат.

Количество просмотров: 71