• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Михаил Саакашвили Грузияга барып камалды

2 Тогуздун айы 2021 0:35 Бишкек Govori.TV

Михаил Саакашвили Грузияга келгенин жарыялагандан бир нече саат өткөндөн кийин камалды. Бул тууралуу Грузиянын өкмөт башчысы Ираклий Гарибашвили 1-октябрдагы маалымат жыйында билдирди. Ал мурдагы президент кантип жана каяктан кармалганын айткан жок.

Михаил Саакашвили Грузиянын Батуми шаарында экенин ушул эле күнү Фейсбук аркылуу жарыялаган. Бийлик анда Саакашвили чек арадан өтпөгөнүн билдирген.

Учурда Украинада жашаган 53 жаштагы Саакашвили ушул жуманын башында шайлоо күнү «мекенин сактап калууга жардам берүү үчүн» Грузияга кайтарын жарыялаган. Гарибашвили ал келери менен камаларын эскерткен.

Саакашвили президент болуп турганда «кызмат абалынан кыянат пайдаланган» жана «парламенттеги оппозициячыл депутаттын сабалганын жаап-жашырган» деп айыпталып, 2018-жылдын июнь айында алты жылга сыртынан түрмөгө кесилген. Мурдагы грузин президенти бул айыптарды саясий куугунтук катары мүнөздөп келет.

Грузияда өткөн жылдагы парламенттик шайлоодон бери бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы менен Саакашвили колдоо көрсөткөн оппозициянын ортосунда чыңалуу өкүм сүрүүдө. Оппозиция былтыркы шайлоо бурмаланганын билдирсе, бийлик мындай айыптоолорду четке каккан.

Булак: Азаттык

Количество просмотров: 342