• Жума 10 Бугу 2024
  • Пятница 10 Май 2024

МИК мурдагы колониянын ордуна курулуп жаткан үйлөр тууралуу маалымат берди

26 Теке 2023 13:39 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик ипотекалык компания Бишкек шаарындагы мурдагы колониянын ордуна курулуп аткан үйлөр тууралуу маалымат берди.

Ипотекалык компаниядан белгилешкендей, Бишкек шаарынын Маликов 91 (47-колония) дарегиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу монолит ыкмасы менен жүргүзүлүүдө.

Биринчиден, монолит курулуш жер титирөөгө эң туруктуу деп эсептелет.

Экинчиден, бул технологияны колдонуу курулуш убактысын бир топ кыскарта алат, ошондой эле куюлган конструкцияларды деформацияга туруктуу, курулушта жогорку деңгээлдеги тактыкты жана сапаты камсыз кылат.

Количество просмотров: 155