Бишкек.26.12.2018.Govori.TV
2018-жылдын 23-декабрында Милиция кызматкерлерине «адам урдоо» фактысы боюнча билдирүү келип түшкөн. Маалыматта Бөкөнбаев/Совет көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар күч колдонуп, жаш жигитти унаага салып,урдоого аракет кылган. Бул окуядан 2 саат өтпөй Свердлов райондук милиция бөлүмүнө 23 жаштагы жигит арыз кат менен кайрылган. Ал 23-декабрь күнү 19:30дар чамасында Бөкөнбаев/Совет көчөлөрүнүн кесилишинде Аманбек аттуу 20-25 жаштар чамасындагы бала эки досу менен күч колдонуп, каршылыгына карабай буту-колун кайрып «Субару-Импреза» маркасындагы унаага жүктөгөн. Кийин алар андан акча талап кылып,ур-тепкиге алышкан. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышкан.
Свердлов райондук ИИББнын иликтөө иштеринин негизинде алардын кылмыш иши аныкталды. 23 жаштагы жабырлануучунун айтымында 2018-жылы Алманбек аттуу жигит ага 2 миң доллар акча берип, учурунда алган. Кийин Алманбек дагы кошумча 1000 доллар кошуп берүүнү талап кылган. 23-декабрда Алманбек жабырлануучуга чалып, жолугууну сунуштаган. Ыкчам иликтөө иштеринин негизинде төмөнкүлөр кармалды:
21 жаштагы М.А; 22 жаштагы С. А жана М.С аттуу жарандар. Кармалгандардын бардыгы Бишкек шаарынын жашоочулары. Аталган факт боюнча соттук-медициналык экспертизилар дайындалды. Аларга «Адам урдоо» фактысы боюнча кылмыш иши козголду.