• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Милиционер табелдик куралын жоготуп ийген. Иш иликтенүүдө

27 Бугу 202511:32 Бишкек Govori.TV

Бишкекте милиционердин табелдик куралды жоготкондугу иликтенүүдө.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, 2025-жылдын 23-майында социалдык тармактарда милиция кызматкери табелдик куралын жоготкондугу тууралуу маалымат тараган.

Бул факты боюнча Свердлов РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренесинин 1-бөлүгү (Шалаакылык) менен кылмыш ишин козголгон.

26-майда жүргүзүлүп жаткан ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 28 жаштагы Б.А. аттуу жаран табелдик куралды таап алганы аныкталган. Ал куралды өз ыктыяры менен өткөрүп бергендиги айтылды.

Учурда Свердлов РИИБи табелдик куралды жоготуу фактысын иликтеп жатат.

Количество просмотров: 220