• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Милиция 4 баланы багажга салып бара жаткан окуя боюнча билдирүү таратты

26 Теке 2021 13:33 Бишкек Govori.TV

“Фольксваген Пассат” унаасынын айдоочусу коңшусунун балдарын Суусамырга тойго алып бара жаткан. Бул тууралуу Талас облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 23-июль күнү социалдык тармактарга “Кыргызстанда айдоочу автоунаанын багажына 4 баланы салып бара жатат” деген сүрөт жарыяланган.

Аталган факты Талас ОИИБнин маалыматты эсепке алуу электрондук журналына катталып, милиция кызматкерлери тарабынан багыттамалар берилип, тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлдү. Анын негизинде ЖКККБнын кызматкерлери ыкчам иш алып барып, интернетке чыккан айдоочу табылган.

“Тараз-Талас-Суусамыр” автожолунун, тактап айтканда “Өтмөк” ашуусунан кызыл түстөгү “Фольксваген Пассат” үлгүсүндөгү мамлекеттик номери 07 642 ААР сандуу автоунаага Кара-Ой айылыныны тургуну Ж.Т. аттуу айдоочу Суусамыр жайлоосундагы жылында өтүп жүрүүчү чабандардын тоюна бара жатып, кошуналарынын балдарын унаага батпай калганынан багажына салып алгандыгы аныкталган. Айдоочу Ж.Т. ЖКККБна алынып келинип, унаасы айып жайына киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Бузуулар кодексинин негизинде 5500 сом өлчөмүндөгү айып пул салынганы айтылды.

Количество просмотров: 1370