Бишкек ШИИБ коомдук автобуста кызга ыдык көрсөткөн адам издөөгө алынганын билдирди.
Маалыматы боюнча, бул фактыны шаардык милициянын жетекчилиги көзөмөлгө алып, видеодогу кишинин тек-жайын аныктоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Эске салсак, кечээ, 2-февралда социалдык тармактарда чак түштө коомдук транспортто белгисиз адам анын жанында турган кыздын жамбашын кармап жатканы тартылган видео тараган.
