• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Милиция кызматкерлери ИИМ орун басарынын үстүнөн арызданышты

13 Бештин айы 201717:37 Бишкек Govori.TV

Ички курам министрдин орун басары Данияр Абдыкаровдун үстүнөн министрге арызданышты. Бул тууралуу 24 kg сайты укук коргоо органдарындагы булактарына таянуу менен жазып чыгышты.

Эскерте кетсек, 11-шаардык милиция бөлүмү Дордой базарынын коопсуздугу үчүн жооп берет. Милиция кызматкерлери Бишкек ШИИБинин жетекечи орун басары Мирлан Муктаров менен ИИМдин орун басары Данияр Абдыкаров аларды “чотур” таштагыла деп мажбурлап жатат, болбосо жумуштан кетирем деп коркутуп жатканын айтып чыгышкан.

ИИМге маалыматты тактоо үчүн кайрылганыбызда эртең гана комментарий берилерин билдиришти.

Арызданган милиция кызматкерлери жетекчиси менен кошо министр Улан Исраиловго түз кезигүүгө жана болуп жаткан ишти айтып берүүгө даяр.

Количество просмотров: 20