• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Милиция кызматкерлери дайынсыз жоголгон кызды издеп жатышат

3 Аяк оона 202415:38 Бишкек Govori.TV

2024-жылдын 29-августунда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына А.Ж., аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 1988-жылы туулган Сатыбалдиева Асель Шумкарбековнаны издөөгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган. Себеби ал 29-августта Жеңиш көчөсүндөгү Тынчтык жаңы конушунда жайгашкан үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз экендигин билдирген.

Кийген кийимдери: боз футболка, боз шым (гүлдүү), ак түстөгү жоолук.

Өзгөчө белгилер: эс тутумун жоготуп, жүргөн жерин айта албайт.

Эгерде сиз кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуз же жогорудагы жарандын жүргөн жерин билсеңиз, төмөнкү номурлар аркылуу билдирүүнү суранабыз: 0(312) 56-60-43, 0(701) 93-00-90, 0(507)18-18-50 же » 102 » кыска номерине.

Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы

Количество просмотров: 85