• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Милиция кызматкерлери ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаранды кармашты

3 Аяк оона 202423:56 Бишкек Govori.TV

Милиция кызматкерлери ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта, 2024-жылдын 5-март күнү Бишкек шаарынын Ленин РИИБге Ю.М., аттуу жаран А.Р. аттуу жаранга  карата чара көрүү боюнча арызы менен кайрылган, анда ошол эле жылдын 3-март күнү Ч.Айтматов көчөсүндө жайгашкан соода борборлорунун ичинен, алдоо жолу менен  анын ишенимине кирип “Toyota Highlander” үлгүсүндөгү автоунааны 33 миң АКШ долларына баалап, акчаны үч айда бөлүп берем деп, андан соң белгисиз тарапка изин жашырып кеткен.  

Ошону менен  2 миллион 951 миң сом материалдык зыян келтирген.

Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын  209-беренесинин 4 бөлүгүнүн 1-пункту (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. 

Жүргүзүлгөн  иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка

шектүү катары 1988-жылы туулган А.Р. аттуу жаран  Ленин РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин  96-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 

Ленин районунун соту тарабынан шектүүгө карата Бишкек шаарындагы №1-камак жайына  бир айга камакка алуу чечимин чыгарган. 

Учурда анын ушул сыяктуу дагы төрт  кылмыштарга катыштыгы бар экендиги аныкталган. 

Урматтуу жарандар, эгерде Сиз кылмышкердин кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен болсоңуз, төмөнкү телефон номуруна кайрылыңыз болот: 0(702) 494 — 730 же 102 .

Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 142