• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Милиция: Мыйзамсыз курал алып жүргөн жаш жигит кармалды

30 Жетинин айы 202012:12 Бишкек Govori.TV

2020-жылдын 29-ноябрда милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, болжол менен саат 08:30 чамасында Фрунзе жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде өзүн туура эмес абалда алып жүргөн белгисиз жаранды байкашып, аны текшерүүгө алышкан. Кызматкерлер тарабынан текшерүү учурунда 2002-жылы туулган А.А. аттуу жаран белгисиз үлгүдөгү тапанча жана анын 6 патронун мыйзамсыз алып жүргөндүгү аныкталган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Белгилүү болгондой, бул факты боюнча 2002-жылы туулган А.А. аттуу жаранды Свердлов райондук ИИБне өткөрүп беришкен.

Азыркы учурда Свердлов райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Количество просмотров: 110