Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Нурлан Мотуев “расалык, этникалык, улуттар аралык кастыкты козутууга” шек саналып кармалганын билдирди.
Маалыматка ылайык, 16-октябрь күнү, Бишкек ШИИББнын Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерлери «Инстаграм» социалдык түйүнүнө мониторинг жүргүзүү учурунда колдонуучу «nurlan_motuev_official», деген аталыш менен катталып, улуттук аз өкүлдөрүнө карата терс ой-пикирин айтып жасаган видео жарыялаганы аныкталган. Анда ал, улуттун аз өкүлдөрүн басынтып, алардын улутуна ар кандай мүнөздөмө берүү менен коомчулукту интернет желелери аркылуу үгүттөп, улуттар аралык кастыкты козутууга аракет кылган.
Аталган факт боюнча тергөө иштеринин алкагында, дайындалган экспертизалардын корутундусуна ылайык, изилдөө үчүн берилген материалдарда адамдын улуулугун, улуттук таандыктыгы боюнча төмөндүгүн пропагандалоонун лингвистикалык белгилери бар болгон. Изилдөөгө берилген материалдарда, улуттар аралык касташуунун лингвистикалык белгилери камтылган.
«Анын негизинде, Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесине ( расалык, этникалык, улуттук, диний региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) ылайык кылмыш иши козголгон. Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде, 1969-жылы туулган Н.М. Бишкек шаарынын ШИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилген», — деп жазылат маалыматта.
Тергөө иштери уланууда.