• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Милиция түнү менен шаардагы тартипти көзөмөлдөйт

2 Жалган куран 2020 19:51 Бишкек Govori.TV

Бишкекте милиция түнү менен шаардагы тартипти көзөмөлдөйт. Бул тууралуу ички иштер министринин коомдук коопсуздук боюнча орун басары Алмаз Орозалиев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Ал митингден соң массалык бейбаштык фактысы орун алганын жана мыйзам бузгандар жоопкерчиликке тартыларын билдирди.

Мындан тышкары, милициянын орун басары митингчилерди кууп таратуу маалында канча адам кармалганы жана жаракат алганы боюнча маалыматы жок экенин билдирди.

Белгилүү болгондой Садыр Жапаровду колдоо митингине чогулгандарды милиция кызматкерлери кууп таркатууга мажбур болушту. Күндүзгү 11 ден бери таркабай жаткан эл, абактагы саясатчы Садыр Жапаровду камактан бошотуу талабын коюшуп, бийлик үн катсын деп, Ак үйдү көздөй бет алышкан эле.

Количество просмотров: 73