• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Милиция: Түнкү клубда жаран бычактан жараат алды

13 Үчтүн айы 2023 12:07 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы түнкү клубдардын биринде жаранга бычак сайганга шектүү катары 25 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, быйыл 3-январда милицияга Н.Н. аттуу жаран кайрылып, 2-январда Чыгыш-5 кичирайонундагы түнкү клубдардын биринде белгисиз адам кайым айтыш учурунда көкүрөк тушуна бычак сайганын билдирген. Шектүү окуя болгон жерден жашырып кеткен.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.

«Кылмышка шектүү катары 25 жаштагы Б.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 309