• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Милициянын кайгуул кызматы Бишкекте рейд жүргүзөт

4 Бирдин айы 2021 16:42 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында жакынкы күндөрү жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында рейддик иш-чаралар жүргүзүлөт. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, акыркы күндөрү адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктары катталып, жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин одоно бузган айдоочулар көп болууда. Мындан улам наркотикалык заттар менен же мас абалында унаа башкарган айдоочуларды аныктоо жана башка одоно жол эрежелерин бузган айдоочуларга карата рейд өткөрүлөт.

«Рейд Бишкектин бардык 4 районунун белгилүү көчөлөрүндө унааларды катары менен токтотуп текшерүү менен коштолот. Андыктан жалпы айдоочуларга алдын-ала эскертүү менен бирге жол кыймылынын эрежелерин бузбоого чакырабыз», — деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 536