• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Милициянын мурдагы башчысы менен жайыт комитетинин мурдагы төрагасы кармалды

23 Аяк оона 202413:01 Бишкек Govori.TV


Ысык-Ата райондук ИИБнын мурдагы башчысы жана Ысык-Ата районунун Жээк айыл аймагынын жайыт комитетинин мурдагы төрагасы кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

УКМК тарабынан документтерди жасалмалоо, объекттерди мыйзамсыз басып алуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Ысык-Ата райондук ИИБнын мурдагы башчысы А.А.К. жана Ысык-Ата районунун Жээк айыл аймагынын жайыт комитетинин мурдагы төрагасы Р.Т.Р. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

2023-жылы Р.Т.Р. жайыт комитетинин жыйынынын протоколун жасалмалап, А.А.Кга Жээк айыл өкмөтүндөгү 2 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкесин эс алуу аймагы үчүн мыйзамсыз бергени аныкталган. Көрсөтүлгөн жерге туруктуу имараттар курулуп, A.R.Z. эс алуу борбору уюштурулган.

Количество просмотров: 224