• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Милициянын подполковниги баңгизат бекитип жаткан жеринен кармалды (сүрөт)

4 Чын куран 2022 12:36 Бишкек Govori.TV

Ош шаардык милициясынын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК Ош шаарынын аймагында мыйзамсыз баңгизаттарын жүгүртүүнү аныктоо жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын жүрүшүндө КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктунда (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш иштин алкагында милициянын подполковниги А.У.К. жана милициянын старшинасы Т.у.А. кармалды.

«УКМК кызматкерлери аталган А.У.К. 2022-жылдын 1-апрелинен 2-апрелине караган күнү түнкү саат 03:15 чамасында 894 грамм салмактагы өзгөчө жыты бар баңгизатын белгиленген жерге бекитип таркатып жүргөн жеринен Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнун (УККБ) башчысы, милициянын подполковниги 1982-жылы туулган А.У.К. жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнүн (МККБ) 4-взводунун кенже инспектору 1998-жылы туулган Т.у.А. кармады», — деп айтылат маалыматта.

Жыйынтыгында Ош шаарынын аймагында мыйзамсыз баңги затын ташыган каналдардын биринин ишине бөгөт коюлду.

Количество просмотров: 438