• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Сокулук милициясынын башчысы катышкан жол кырсыгын УКМК иликтейт

9 Бештин айы 2019 18:02 Бишкек Govori.TV

Сокулук райондук милициясынын башчысы М.Чойбеков катышкан жол кырсыгын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) иликтейт. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Чүй облустук милициядан белгилешкендей, толук жана калыс иликтөө жүргүзүү үчүн сотко чейинки өндүрүш ишинин материалдары УКМКнын Чүй облусундагы башкармалыгына жөнөтүлгөн.

Белгилей кетсек, мындан мурдараак Чүй облустук ИИББнин маалыматы боюнча, толук жана калыс иликтөө жүргүзүү үчүн сотко чейинки өндүрүш ишинин материалдары Чүй облусунун ИИББнин Тергөө кызматына алынган. Андан тышкары, Сокулук райондук милициясынын башчысы М.Чойбеков тергөө аяктаганча кызматынан четтетилген. Ички иликтөөлөр кызматы кызматтык иликтөө жүргүзүүдө. Ошондой эле баардык керектүү соттук-медициналык, соттук-автотехникалык экспертизалар дайындалган. Сотко чейинки иш жүрүүдө.

Жогоруда аталган жол кырсыгы Ысык-Ата райондук милициясынын Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынган.

Количество просмотров: 184