• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Министр 12 жылдык билим берүүгө даярдык быйыл башталарын айтты

16 Баш оона 202416:43 Бишкек Govori.TV

Быйылкы жаңы окуу жылы 12 жылдык билим берүүгө даярдык көрүлөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева министрликтин Фейсбуктагы баракчасында билдирди.

Министрдин сөзүнө караганда, быйылкы жылы окуу китептери жаңы билим берүү стандарттарына ылайыкталып, даярдалат. Кийинки жылдан тарта 12 жылдык билим берүүгө өтүү башталат.

Ага ылайык, келерки жылда мектептердеги башталгыч, орто жана жогорку класстар бирден классты аттап өтүшөт. 12 жылдык билим түүралуу алгачкы аттестат 2028-2029-жылкы окуу жылы аяктаганда берилет.

Количество просмотров: 315