• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Министр: Бүгүнкү күндө Бишкек ЖЭБге 242 миң тонна көмүр жеткирилди

13 Тогуздун айы 2022 14:33 Бишкек Govori.TV

Күз-кыш мезгилине 3 млн 29 миң 244 тонна көмүр камдалышы керек. Бул тууралуу маалымат жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Бишкек ЖЭБге 242 миң тонна көмүр жеткирилди.

“Анын ичинен калк үчүн 1 млн 236 миң 600 тонна керектелет. Бишкек ЖЭБине 1 млн 500 миң тонна көмүр керектелсе, бүгүнкү күндө 242 миң 700 тонна жеткирилген. 2021-жылдын ушул мезгилинде ЖЭБге 251 миң тонна жеткирилген, ортодо 9 миң тонна айырма болуп жатат. Бир-эки күндө калганы жеткирилет. 1 млн 50 миң тонна көмүрдү “Кыргызкөмүр” ишканасы даярдайт, 50 миң тоннасын Таш-Көмүрдөн, 400 миң тонна Казакстандан алып келинет. Кара-Кечеде бүгүнкү күндө 300 миң тонна көмүр жүктөөгө даяр турат. Алдыдагы күз-кыш мезгилин туруктуу өткөрүүгө ар бир жетекчи керт башы менен жооп берет. ЖЭБде көмүр жок деген маалыматтар чындыкка дал келбейт” , — дейт ал.

Теги:
Количество просмотров: 70