• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкек жылуулук электр борборуна Нурлан Өмүркул уулу кайрадан директор болуп дайындалды

13 Үчтүн айы 2023 23:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек жылуулук электр борборуна Нурлан Өмүркул уулу кайрадан директор болуп дайындалды. Маалыматты «Электр станциялары» мекемесинин басма сөз кызматы билдирди.

Нурлан Өмүркул уулу 2018-жылы Бишкек ЖЭБин жетектеп турганда ири авария болгон.

26-январда суу бөлүштүрүүчү жабдуу иштен чыгып, 20 градустан ашкан катуу суукта шаар тургундары беш күн бою жылуулуксуз калган.

Бул кырдаал андан жарым жыл мурда модернизацияланган жылуулук борборуна карата сынды күчөтүп, Кытай өкмөтү берген 386 миллион доллардын сарпталышы боюнча элдин нааразылыгын жараткан.

ЖЭБдеги авария боюнча бир нече кылмыш иши козголуп, ошол кездеги өкмөт башчы Сапар Исаков баштаган бир нече аткаминер сот жообунга тартылган.

Нурлан Өмүркул уулу да төрт жылга кесилип, 150 миң сом айып салынып, сот залынан камакка алынган. 2019-жылы 31-майда ага карата соттун өкүмү өзгөрүп, 300 миң сом айып төлөй турган болуп сот залынан бошотулган.

Количество просмотров: 505