• Бейшемби 7 Бештин айы 2023
  • Четверг 7 Декабрь 2023

ЖЭБге Казакстандын көмүрү ташыла баштады

18 ноября 2022 в 12:35 Бишкек Govori.TV

Бишкек жылуулук электр борборуна Казакстандан ташылып жаткан көмүрдүн алгачкы бөлүгү келди. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева билдирди.

Маалыматка караганда, биринчи партия менен 64 вагон көмүр түшүрүлүп, дагы 65 вагон жолдо.

«2021-2022-жылдагы кышкы мезгилде да Казакстандын Кара-Жыра кенинен Бишкек ЖЭБине 643 миң тонна D сортундагы көмүр алынган. Бишкек жылуулук электр борборунда бүгүн, 18-ноябрга карата 172 миң тоннадан ашык көмүр бар. Күнүмдүк керектөө суткасына 7,2 миң тоннага жакын»,-деп жазылат маалыматта.

Теги:
Количество просмотров: 145