Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ишин иликтөө боюнча Жогорку Кеңеште түзүлгөн депутаттык комиссия жокко чыгарылып кайра түзүлмөй болду. Мындай чечим парламенттин 4-апрелдеги жыйынында кабыл алынды.
3-апрелде депутат Жусупбек Коргонбай уулунун демилгеси менен Жогорку Кеңеште комиссия түзүлгөн.
Комиссиянын курамына ар бир фракциядан төмөнкү депутаттар кирген:
Жусупбек Коргонбай уулу — «Мекенчил» тобу;
Жалолидин Нурбаев — «Элдик» тобу;
Гүлшаркан Култаева — «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы;
Шарапаткан Мажитова — «Ынтымак» фракциясы;
Айсаракан Абдибаева — «Ишеним» фракциясы;
Исхак Масалиев — «Бүтүн Кыргызстан» фракциясы;
Султанбай Айжигитов — «Ыйман Нуру» фракциясы;
Нилуфар Алимжанова — «Альянс» фракциясы.