Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев «Биринчи радионун» эфириндеги маек учурунда Кыргызстанда коронавирус эпидемиясынын төртүнчү толкуну ноябрь-декабрь айларына туура келиши ыктымал экенини айтты.
«Ноябрь-декабрь деп жаткан себебибиз, дал ушул айларда, суук түшө баштаганда коронавирус гана эмес, башка да суук тийген, сасык тумоо оорулары башталат. Албетте, сасык тумоо менен катар коронавирус да көбөйөт. Биз даярбыз. Бардык облустарда стационарлар да, медицина кызматкерлери да даяр. Дары-дармек жана башка керектүү каражат 2-3 айга жетерлик көлөмдө бар», — дейт ал.
Белилей кетсек, Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкун басаңдап бараткандыгы 24-августта расмий айтылган болчу.