• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Министр Чыңгыз Айдарбеков Бириккен Улуттар Уюмунун Дебаттарында эмне деп сүйлөдү?

26 Аяк оона 2019 15:58 Бишкек Govori.TV

2019-жылдын 25-сентябрында Нью-Йорк шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Россия Федерациясынын төрагалыгы астында өткөн «Тынчтыкты жана коопсуздукту колдоодо БУУнун регионалдык уюмдар менен кызматташтыгы: террористтик коркунучтарга каршы күрөшүүдө ЖККУ, КМШ жана ШКУнун салымы» аттуу Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин жогорку деңгээлдеги Дебаттарына катышты жана сөз сүйлөдү.
Өз сөзүндө, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков Кыргызстан эл аралык терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүүдө дүйнөлүк коомчулук тарабынан көрүлүп жаткан бардык чараларды колдоого жигердүү катышып жатат деп белгиледи. Атап айтканда, аталган чөйрөдө Кыргыз Республикасы эки жана көп тараптуу форматтарда эл аралык уюмдар жана дүйнөнүн көпчүлүк мамлекеттери менен жигердүү кызматташууну жүзөгө ашырууда.
ЖККУда төрагалык кылуучу мүчө-өлкө жана 2019-ж.Бишкекте ШКУ Саммитин өткөргөн өлкө катары Кыргыз Республикасы учурдагы чакырыктар менен коркунучтарга каршы туруу боюнча бирдиктүү позицияны жана биргелешкен аракеттердин механизмин иштеп чыгуу, мүчө-өлкөлөрдүн тийешелүү кызматтарынын эл аралык өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүсүнө жагымдуу шарттарды түзүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.
Террористтик коркунучка каршы күрөшүүдөгү эл аралык коомчулуктун күч-аракеттерин координациялоо ишинде БУУ борбордук ролду ойношу керектигин Министр белгиледи.
Жогорку деңгээлдеги Дебаттарга БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчө-өлкөлөрдүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары, аталган регионалдык уюмдарга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлери, өкүлдөрү катышты.

Количество просмотров: 71