• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Түркмөнстанда дыйкандарды буудай быша электе чогултууга мажбурлашууда

25 Бугу 2022 9:10 Бишкек Govori.TV

Түркмөнстанда июнь айынын башында буудай түшүмүн жыйноо расмий түрдө башталат. “Азаттыктын” түркмөн кызматынын Мары облусундагы кабарчысы билдиргендей, аймакта буудай жыйноо азыр эле башталды.

Жерди ижарага алган дыйкандар буудай али быша электигин, бийлик түшүмдү чийки бойдон чогултууга мажбурлап жатканын билдиришүүдө.

“Буудай жыйноого кириштик, бирок ал али быша элек. Буудай чийки болгондуктан, кабыл алуу жайларында буудайдын тоннасын же килограммын азайтып коюушууда”, -деди мургаптык дайкандардын бири.

Буга байланыштуу дыйкандар талаага комбайн киргизүүгө каршы болушууда.

“Мен айылдык кеңештин төрагасына комбайнды талаама киргизбей турганымды айттым. Себеби өткөн жылы алты тонна буудай чогулткам, бирок кабыл алуу жайында эки тоннасын кемитип коюшкан. Мен буудай кургагандан кийин гана аны чогултууга киришеримди айттым. Төрага болсо буудай кургаганга чейин аны чымчыктар жеп коет деп жатат. Бул маселени ал эмес, администрация чечет экен”, — деди марылык дыйкан.

13-майда Түркмөнстан президенти Сердар Бердымухамедов буудай түшүмүн жыйноону уюштуруу боюнча мамлекеттик комиссия түзгөнүн жарыялаган.

Түркмөн бийлиги быйыл 1 миллион 400 миң тонна буудай түшүмүн жыйноону пландап жатат.

Түркмөнстанда бир нече жылдан бери ун жана нан тартыш. Мамлекеттик дүкөндөрдө таң агара электе узан кезек пайда болору жөнүндө маалымат байма-бай жарыяланып келет.

Количество просмотров: 759