• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Министр Джунушалиев кылмыштардын ачылганына эмес айтылганына ыраазы

5 Бирдин айы 2019 18:15 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 05.02.2019.Govori.TV.

Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев Бишкектеги атайын басма сөз жыйынында милиция кызматкерлерине козголгон кылмыш иштери боюнча үн катты

Акыркы мезгилде тартип сакчылары күнөөкөр болуп калган кылмыштар көп болуп жатканын ЖК депутаттары айтып нааразы болушкан.

Ал эми ички иштер министри кылмыш иштердин коомчулукка жетип, кылмыштар ачык айтылып жатканын эле чоң жетишкендик катары баалады. 

Реформалардын негизги талабы милициянын ачык айкын иштөөсү деп эсептелет. Ошондуктан министрдин айткан сөзү элге кылган анын кадыр-колкосу болуп калган жокпу?

Количество просмотров: 36