• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Министр: Эмдөөдөн өткөндөргө 10 гигабайт интернет беребиз

26 Теке 2021 13:06 Бишкек Govori.TV

Эмдөөдөн өткөндөргө 10 гигабайт интернет берилет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдиргенин Мedia-center.kg сайты жазды.

Министрдин айтымында, азыр калкты эмдөөдөн өткөрүү керек.

«Бүгүнкү күндө эмдөө иштерин тездетип жатабыз. Жаңы окуу жылынын башталышы менен окуучулардын салттуу түрдө мектепке кайтып келишин каалайбыз. Эмдөөдөн өткөндөргө 10 гигабайт интернет бонусу берилет. Кафе жана ресторандар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эмдөөдөн өткөн зыяратчыларга жеңилдиктерди беришет. Тамак-аш тейлөө түйүндөрү мындай чараларга макул. Кантсе да, алар дагы кадимкидей иштегиси келет”, — деп билдирген Алымкадыр Бейшеналиев.

Количество просмотров: 2645