• Шейшемби 21 Бугу 2024
  • Вторник 21 Май 2024

Министр Ибраев электр энергияга болгон баанын кымбатташы боюнча пикирин билдирди

30 Чын куран 2024 10:54 Бишкек Govori.TV

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстанда электр энергиясына болгон баанын көтөрүлүшү боюнча “Кабар” улуттук маалымат агенттигине комментарий берди.

Ал өлкөдө электр жарыгына болгон баа саясаты 2023-жылга карата инфляциянын деңгээлине ылайык бекитилгенин, баа дээрлик 11 тыйынга кымбаттап жатканын айтты.

“Эгерде адамдын үйүндө муздаткыч жана сыналгы гана иштесе, анда ал тарифтик пландан ашпайт жана ошого жараша төлөйт. Бирок үйүндө эки муздаткыч, суу жылыткыч, сыналгы, кондиционер жана башка көп буюмдары иштесе анда жарыктын баасы жогору болушу керек. Энергетика да товар. Ким көп керектесе ошого жараша кирешеси бар да. Кызмат көрсөтүү үчүн төлөшүңүз керек”, — деген министр.

Электр жарыгынын баасы 1-майдан тарта көтөрүлөт. Айына 700 кВт саатка чейин керектелген 1 кВт саат электр жарыгынын акысына 10,8 тыйын, андан ашык керектөөдө (бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын аймакта жашаган калктан сырткары) 23,3 тыйын кошулат.

Количество просмотров: 109