Кышында жарыксыз калбаш үчүн электр энергиясын азыртадан үнөмдөп колдонушубуз керек. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.
Ибраев быйылкы жылы былтыркыга салыштырмалуу өлкөдө дээрлик 30 миң абонентке электр энергиясын колдонуучулардын саны көбөйгөнүн маалымдады.
“Жаңы конуштарда үйлөр курулуп электр энергиясын тартуу, трансформатор орнотуу сыяктуу иштер көбөйдү. Өлкөдө ишканалар ишке кирип, завод-фабрикалар ачылууда. Мисалы, былтыр 31-августка 100 объект ишке берилсе, быйылкы жылга дагы 100дөн ашык объектини ачуу пландалууда. Эсептеп көрсөк, бир мектеп жок дегенде 60 кВт сааттан электр энергиясын ала турган болсо, азыр өлкөдө 100дөн ашык мектептер андан башка тигүү цехтери, ресторан, кафелер салынып жатат. Ошонун баары экономикабыздын өсүшүн аныктап, электр энергиясы улам көбүрөөк талап кылынууда. Азыркы учурда электр энергиясы бизге жетет бирок, үнөмдүү колдонушубуз керек”,- деди ал.
Быйылкы Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү былтыркы жылга салыштырмалуу 700 – 800 млн кубга аз экенин белгилеген министр, алдыдагы бир айдын ичинде былтыркыдай көлөмдө суу келбешин кошумчалады.