• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Министр Ниязбеков милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

1 Жетинин айы 2021 12:57 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министри Улан Ниязбеков милиция кызматкерлерин 1-ноябрь — кыргыз милициясын кесиптик майрамы менен куттуктады.

«Сиздерди 1-ноябрь — Кыргыз милициясынын кесиптик  майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм! Урматтуу кесиптештер сиздер элдин тынчтыгын жана коопсуздугун коргоодо дайыма алдыӊкы катарда туруп, ыкчам иштейсиздер. Кыйын кырдаалга туш болгон ар бир атуулдун кайрылуусуна сергек мамиле жасап, аларга жардам бересиздер. Жогоруда айткандай, Кыргызстан эли сиздерге ишенет жана ар дайым колдойт. Элдин ишенимин бийик тутуп, өлкөгө ак ниет кызмат кылып, эл менен бирге болуу сиздердин ыйык парзыӊыздар. Анткени, Кыргызстандын ар бир жараны бейпилчиликте коопсуз жашап, эмгектенүүгө укуктуу. Сиздер эл аралап, эл ичинде жүрөсүздөр, жарандарыбыз сиздерди бийликтин өкүлү, мамлекеттин жүзү катары кабылдашат. Ошондуктан ар дайым маданияттуу болуп, сырткы келбетиӊиздер да, ички жан дүйнөӊүздөр да жагымдуу болушу зарыл. Ардактуу кесиптештер! Сиздерди дагы бир жолу 97 жылдык маареке майрамыңыздар менен куттуктап, бардыгыңыздарга ишиңиздерде ийгилик, турмушта бакыт, жашоодо бекем ден соолук, үй-бүлөңүздөрдө ырыс-ынтымак жана ар дайым ийгиликтер коштоп жүрсүн. Мезгилдин ар кыл кыйынчылыктарына карабай тагылган милдеттерин татыктуу өтөп жаткан Кыргыз милициясынын эр жүрөк кызматкерлердин, элибизге эмгеги сиӊген аксакал ардагерлерибиздин үй-бүлөсүнө ырыс-ынтымак, бакыт-таалай, бекем ден соолук каалап, кесиптик майрамыӊыздар менен чын ниеттен куттуктайм»,-деп айтылат Ниязбековдун куттуктоосунда.

Ошондой эле Ниязбековдун куттуктоосунда тынчтык жана бекем тартип өкүм сүрмөйүн өлкө жетекчилиги тарабынын жасалып жаткан реформалар, сунушталган экономикалык программаларды толук кандуу ишке ашыруу мүмкүн эместиги белгиленет.

Количество просмотров: 164