Бишкек. 27.04.2018. Govori.TV
Бишкекте чиновниктери «тоногон» белгисиз адам пайда болду. Аны азыр укук коргоо органдары издеп жатканын ИИМдеги өздүк булактарыбыз билдирди.
Анда белгилүү болгон, КРнын айыл чарба жана мелиорация министри Нурбек Мурашевге белгисиз бирөө телефон чалып, өзүн “Президенттин оң колу” катары тааныштырган жана министрлик креслосун “майлоого” 150 АКШ доллары өлчөмүндө талап кылып, жардамчылары аркылуу алып кеткен.
Азыр бул иш боюнча министр укук коргоо органдарына кайрылып, телефон алдамчысын иликтөө иштери жүрүүдө.