• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Министр: Президент экөөбүз уу коргошундун кайнатмасын даярдап жатабыз

16 Чын куран 2021 13:38 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 16-апрелде саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев өлкөдөгү эпидемиологиялык абал тууралуу маалымат берип жатат. Анын жүрүшүндө Бейшеналиев президент Садыр Жапаров жарыялаган коронавирустан дарылануунун жаңы ыкмасы менен анын туугандары да айыкканы айтты.

«Жапаров абакта жатканда Жээнбековго кайрылып, ал укпай койгондо мага «сен дарылап көр» деп айткан. Ал кезде мен жөнөкөй даарыгер болчумун. Ал менен мен туугандарымды дарылагам. Аны кантип ичиш керектигин көрсөтөм. Анын дозаларын туура кылса адамга зыяны тийбейт. Ал Кыргызстан боюнча бардык ооруканаларда берилип жатат. Дозасын президент өзү аныктап, өзү кайнатып жатат мени менен бирге. Эки күндө бир президент менен жолугуп дозасын алып жатам.

Дарыны ысык кезинде ичүү керек. Эгер муздак кезинде ичсеңиз даро өлүмгө алып келет. Биз бул тууралуу баарын жазып бердик», — деди ал.

Буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан. Көп өтпөй социалдык тармактагы баракчасына он-чакты киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө саргыч түстөгү суюктукту куюп жаткан видео жарыялаган. Анда бөтөлкөлөрдүн сыртында «Уу коргошун» жана «Иссык-Кульский корень» деген жазуулар бар экенин көрүүгө болот.

Количество просмотров: 469