Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана президенттик башкарууга ыктаган Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча референдумдан кийин коронавирус жугузгандар кескин көбөйдү.
Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев 16-апрелдеги брифингде билдирди.
«Шайлоо өттү. Шайлоодон кийин дайыма коронавирус көбөйө баштайт. Себеби, дарыгерлердин айтканын эч ким укпай, беткап тагынбай, социалдык аралыкты сактабай, эл көп жерлерге чогулушуп, күндөн-күнгө оору күчөп баратат. Бир жарым, эки ай мурда Чүй, Бишкек, Ысык-Көл облустарынан башка аймактарда ооругандардын саны бир ай, эки айлап жок болуп калган. Шайлоо өткөндөн кийин бардык облустарда ооруй башташты. Кечээ 305 киши ооруп калды», — деди Бейшеналиев.
16-апрелге карата республика боюнча вирус дагы 230 кишиден табылды.