• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Министр Түп районунда сел жүргөн айылдарга барды

8 Баш оона 202316:47 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев сел жүргөн Түп районунун Талды-Суу, Корумду, Көөчү айылдарынын жашоочуларынан кабар алып, кесепеттерин жоюу иштеринин аткарылышын көзөмөлдөдү.

Маалыматка ылайык, селдин кесепетинен түзүлгөн кырдаалды тактоо, адамдардын өмүрүн сактоо жана авариялык куткаруу жана башка кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу максатында аталган айылдарда «өзгөчө кырдаал» режими киргизилди.

«Бул айылдарда сел суулары жалпысынан 92 турак үйдүн короосун, жертөлөсүн жана ички чарбалык жолдорун, айдоо талааларын каптаган», — деп айтылат маалыматта.

Бүгүн, эртең менен табигый кырсыктын кесепеттерин жоюга 249 адам тартылган, анын 103ү куткаруучулар. Таң эрте куткаруучулар 5 топко бөлүнүп иштешүүдө. Учурда Жарандык коргонуу комиссиясы материалдык чыгымдарды, зыян тарткан үйлөрдү тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Количество просмотров: 124