• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Министр төрөттөн каза болгон 18 жаштагы кыздын ишин жеке көзөмөлүнө алды

8 Баш оона 2021 10:32 Бишкек Govori.TV

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Каракол шаарында төрөт учурунда каза болгон 18 жаштагы кыздын ишин кароону жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2003-жылы туулган У.Сулайманованын өлүмүнүн бардык материалдары жеринде изилденген. Ведомство башчысы аталган фактыга тийиштиги бар бардык саламаттык сактоо тутумунун жетекчилери жана кызматкерлерин уккан.

«Министр ведомствого караштуу мекемелердин жетекчилеринен милдеттерин сапаттуу аткаруусун талап кылды. Эненин өлүмүнө алдын алуу боюнча бардык чараларды өз убагында кабыл алуунун зарылдыгын өзгөчө белгилеп, социалдык өнүктүрүүнүн аймактык башкармалыгына У.Сулайманованын жаңы төрөлгөн кызын камкордукка документтерин тариздөө боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүүнү тапшырды. Бейшеналиев иликтөөнүн жыйынтыгында чара көрүлөрүн белгиледи»,-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 2-августта Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында төрөт үйүндө 18 жаштагы кыз каза болгон. Туугандары анын өлүмүнө дарыгерлерди айыпташууда. Адистердин маалыматы боюнча, каза болгон аялдын ден соолугунда көйгөйлөр болгон.

Количество просмотров: 493