Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кырсык болгон жерде кокусунан болуп, жабыркагандарга жардам берген.
Анын айтымында, ал үйүн көздөй бара жатып, Ч.Айтматов жана И.Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде «тез жардам» унаасы кырсыкка кабылганын көргөн.
Ошондой эле министр «тез жардам» кызматынын айдоочусу кырсык болгон учурда баңгизаттын колдонгон абалда болгон деген маалыматты четке какты.
«Ага ооруну басаңдатуучу дары сайылган, андыктан экспертиза баңги затына оң натыйжа берген», — деп түшүндүрдү Бейшеналиев.
Эске салсак, кечээ кечинде борбордо унаалар кагышкан, анын бири «тез жардамдын» унаасы болгон. Кырсык болгон учурда 44 жаштагы «тез жардам» унаасынын айдоочусу баңгизаттын таасиринде болгону кабарланган. Кырсыкта реаниматолог жаракат алган. Унаада бейтап да болгон, ал дагы ооруканага жеткирилген.