• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Министр туристтерге сый-урмат менен мамиле жасоого чакырды

2 Үчтүн айы 2024 13:08 Бишкек Govori.TV

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев кыргызстандыктарды өлкөнүн туризм тармагын өнүктүрүүгө салым кошууга чакырды.

Министр өнүккөн өлкөлөрдө туризм тармагы абдан жакшы жолго коюлгандыгын айтып, Түркия менен Дубайды мисал келтирди.

«Түркияга жылына 40 миллиондон ашуун турист келет экен. Бир эле туризм тармагынан өлкө казынасына канча каражат түшөт, өзүңүздөр эсептей бериңиздер.

Ал эми Дубайды ала турган болсок, жергиликтүү элдин саны үч миллиондун тегерегинде. Ал эми туристтердин саны 15 миллиондон ашат. Индиялыктар, пакистандыктар, бангладеш, филлипин, деги койчу кимдер гана жок. Жергиликтүү элдин мамилеси абдан жакшы болгондуктан, ошончо турист Дубайга агылып барууда. Ошол үчүн туризм тармагы дуркүрөп өнүгүп жатат», — деди министр.

Амангелдиев ошол эле учурда Кыргызстанда туристтерге болгон мамилеге таптакыр башкача экендигин айтты.

«Топ-топ болуп жүргөн индиялык же пакистандык студенттерди же башка туристтерди көрсөк эле сындай баштайбыз. “Каптап кетти, басып кетти, антти-минтти” деп эле интернетке ар кандай сөздөрдү ылгабай жаза баштайбыз. Анан эле андай сөздөрдү коштоп киребиз. Ушинтип жерип турсак, анан биздин туризм тармагы кантип өнүксүн, андай нааразы кептерди түшүнгөн чет элдиктер кантип бизге келсин?! Тилекке каршы, бул өтө кейиштүү көрүнүш болуп турат.

Түшүнгөн адамга, керек болсо, ар бир студент же ар бир турист — түздөн-түз инвестор. Алардын баскан-турганынан, жеген тамак-ашынан, кооз-кооз жерлерибизге барганына чейин бизге каражат калып жатканын билишибиз керек. Туристтерди көргөндө, тескерисинче кубануу менен, сый-урмат менен мамиле жасашыбыз керек.

Алар биздин жерибизге түбөлүк калып калбастыгын аңдап-түшүнүүбүз кажет. Ар бир туристтен калган акча өлкөбүздүн туризм тармагын өнүктүрүү үчүн жумшаларын билишибиз зарыл.

Биз туристтерге болгон мамилебизди өзгөрткөн сайын, туризм тармагы алдыга жыла баштайт», — деп, кыргызстандыктарды чет өлкөлүк студенттерге жана туристтерге сый-урмат менен мамиле жасоого чакырды.

Количество просмотров: 130