• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Министр: Жаңы тарифтер боюнча ар бир жаран өз сунушун берсе болот

22 Чын куран 2021 10:28 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 22-апрелде «Кабар» маалымат агенттигинде өлкөнүн энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев электр энергиясын болгон тарифтер тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө энергетика тармагындагы өтө жакшы эмес абал жаралды.

«Бийлик жана министрлик тарабынан бул абалдан чыгуунун жолдору каралып жатат. Акыркы жылдары, деги эле эгемендүүлүктү алгандан бери энергетиканын экономикарын саясий жактан көзөмөлдөөгө аракет кылган саясатчылар бул оор абалга алып келди. Мындан улам энергетика тармагын саздан чыгаруу аракетин кылып жатабыз», — деди ал.

Ал кошумчалагандай сунушталып жаткан баардык маселер коомдук талкууга коюлду. Жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынат.

«Коомдук талкууга ар бир жаран өз сунушун бере алат. Анын баарын энергетиктер карап чыгып, жакшы сунуш болсо кошулат. Бул талкуулар август айына чейин болуп, каалоочулар өз сунуштарын берсе болот. Учурда биз төлөөчүлөрдүү үч топко бөлүүнү сунуштадык», — деди министр.

Эске салсак, Жапаров электр энергиясынын тарифин өзгөртүү тууралуу сунуш бергенин кечээ соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирген болчу. Мамлекет башчы «турмушу начар үй-бүлөлөргө 74 тыйын кылып, чектөөнү алып салуу» керек деди. Ал расмий эсепте Кыргызстанда аз камсыз болгон 110 миң үй-бүлө бар экенин айткан.

“Тоолуу жана жашоо-шарттары оор алыскы райондорго 1 сом 04 тыйындан берип, чектөөнү таптакыр алып салалы деген сунуштар бар. Ал эми, жашоо-турмушу кудайга шүгүр үй-бүлөлөргө 1 сом 48 тыйындан сатуу сунушталып жатат. Бирок, суунун тартыштыгына байланыштуу ушул категориядагыларга кышкы мезгилдерде 1000 кВт сааттан ашса 2 сом 29 тыйындан болсун деген сунуштар бар. Бул бүгүнкү күндөгү электрэнергиянын өздүк наркы. Кудай буюрса, сууну толтуруп алсак, кийин чектөөнү алып салабыз. Азыркы тапта суунун көлөмү жогорулай баштады. Ушул кадамдарга барганыбызда гана биз 2025-жылга барып энергетикалык кризистен чыгат экенбиз”, — деди Жапаровдун сөзүндө.

Кыргызстанда электр энергиясы үчүн тариф акыркы жолу 2015-жылы жайында көтөрүлгөн.

Бүгүнкү күндө 700 кВт саатка чейинки электр энергиясына баа 77 тыйын, андан ашканына 2 сом 16 тыйындан төлөнөт. Өнөр жай, айыл чарба жана бюджеттик мекемелер үчүн тариф 2 сом 24 тыйын.

Количество просмотров: 104