• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Министрдин орун басары Бишкекте ыш мурдагыдан азайганын айтты

25 Бештин айы 202417:18 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 25-декабрда ЖКнын жалпы жыйынында депутаттын суроосуна жооп берип жаткан Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов Бишкекте “кара түтүн жылдан-жылга азайып жатканын” билдирди.

Жыйында депутат Айсулуу Мамашова соңку күндөрү Бишкекте жана анын тегерегиндеги айылдарды ыш катуу каптаганын белгилеп, өкмөттүн бул багыттагы иштерине кызыккан эле.

Депутатка жооп берген Кулматов Министрлер кабинетинин алдында түзүлгөн мекеме аралык комиссия иш алып барып жатканын билдирип, кылынган иштер тууралуу айтып берди.

Эске салсак, World Air Quality уюмунун иликтөөсүндө 24-декабрда Бишкек абанын булганышы боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыккан.

Количество просмотров: 206