• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Министрдин орун басары пара менен кармалды

6 Бештин айы 2018 11:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 06.12.2018.Govori.TV

КР транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев пара алууга шектелип кармалганын УКМК кабарлады.

Тактап айтканда, 5-декабрь күнү УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиевди 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармаган. Пара алуу «1 жана 3 ЦАРЭС коридорлорун бириктирүүчү жолдор, Эпкин-Дыйкан (Башкууганды (км 89,5-км 159,2) участогу» долбоору боюнча жол-курулуш жана реабилитациялоо иштерин аткарууга байланышкан тендер боюнча оң чечим чыгарууга байланыштуу болгон.

“Кармалган адам тендердик комиссиянын төрагасы болгон жана чет элдик компаниялардын бирине жан тарткан” деп маалымдады УКМК.

«Чет элдик компания менен сүйлөшүлгөн акча каражатынын суммасы 520 миң долларга бааланган. Азимкан Жусубалиев чет элдиктерден ал каражаттын 120 миң долларын мурдараак ортомчулук кылган туугандары аркылуу алган. Калган акчаны кийинки жумаларда алууга ниеттенген” деп айтылат маалыматта. Учурда Азимкан Жусубалиев УКМКнын СИЗОсуна киргизилип, тергөө иштери башталды.

Количество просмотров: 40