Бүгүн, 21-февралда Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Айгүл Айдарова «мектеп окуучуларына берилген 7 сомдук тамакты жеп көрдүңүз беле?» деген суроону билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбековага узатты.
Министрдин орун басарына суроо узаткан депутат Айдарова коомчулуктун талкуусуна алынды. Айрымдар депутаттын суроо берип, жыйында сөз сүйлөп жатканда этика маселесине да көңүл буруусу керек деп эсептешет.