Министрлер кабинетинин быйылкы жылдагы алгачкы отурумунда каралган маселелердин бири Кумтөр алтын кениндеги иштер болгонун 14-январда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин сайтындагы маалыматта “«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк алтын кениндеги 2021-жылдагы ишмердүүлүктүн жыйынтыгы боюнча отчет берди” деп айтылды. Андан башка маалымат берилген жок.
Канадалык “Центерра” компаниясы башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү 2021-жылы май айында өз карамагына алган. Жарым жылдан кийин «Центерра» кен Кыргызстанга өткөн соң алтын казуу азайып кеткенин билдирип чыккан. «Кумтөр Голд» компаниясын кыргыз өкмөтүнүн атынан башкарып жаткан жетекчилик муну төгүндөгөн.