Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев бүгүн бир катар депутаттардын нааразы пикирлеринен улам Министрлер кабинетин айрым «тентек» мүчөлөрүн тартипке салууга чакырды.
Төрага белгилегендей, мындай учурлар Министрлер кабинети менен парламенттин ортосунда ажырым пайда болууда.
“Айрым бейтартип адистердин айынан Жогорку Кеңеш менен Министрлер кабинетинин ортосунда жарака кетип, жагымсыз жагдайлар түзүлгөн учурлар жок эмес. Ишине жоопкерчиликсиз мамиле кылып, өз милдеттерин билбеген ошондой кызматкерлерге Министрлер кабинетинин жетекчилери сөзсүз чара көрүшү керек. Эгер чара колдонулбаса, Жогорку Кеңеш тиешелүү иштерди алып барууга укуктуу”, – деди Шакиев
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары Курулуш агенттигине нааразы пикирлерин айтып чыгышкан.